Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Мурдагы эки аткаминерге мунапыс жарыялоо четке кагылды


Алар: мурдагы мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов менен мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев. Бул туурасында Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн айланасындагылар төлөп бере турган материалдык жана финансылык зыяндарды аныктоо боюнча комиссиянын мүчөсү Асанкул Султангазиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Маалыматка караганда, “АзияУниверсал Банкта” тергөө органдары тарабынан Б.Калыевге тиешелүү 5 миллион 800 миң доллар табылган. Ушундан улам ал келтирген зыянды калыбына келтирүү боюнча эч кандай аракет көрүлгөн эмес. Ал эми Т.Турдумамбетовдун мамлекетке келтирген зыяндын көлөмү аныктала элек болгонуна байланыштуу ага карата да мунапыс жарыялоо четке кагылды.

Ушул жылдын 3-сентябрында президент Роза Отунбаева “Экономикалык кылмыш жасаган адамдарга карата мунапыс тууралуу” буйрукка кол койгон. Анда экономикалык кылмыш кылгандар келтирген зыянды кайтарып берүү боюнча өз арыздарын ушул жылдын 1-октябрына чейин бере алары жана алардын билдирүүсү атайын комиссия тарабынан каралары белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG