Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Иран: шаардагы жарылууда 10 киши набыт болду


Бийлик түндүк-батыштагы Махабат шаарындагы жарылуудан бир нече киши жараат алгандыгын билдирүүдө. Кол салуу Иран-Ирак согушунун 30 жылдыгына арналган аскердик кароонун мезгилинде орун алды. Ирандын Батыш Азербайжан дубанынын акими Вахид Жалал-заде Мехр кабар агенттигине «жардырууну Ирандын исламдык түзүлүшүнө каршык чыккан күчтөр жасады» деп ырастады. Махабаттын 200 миңге чукул тургундарынын басымдуу бөлүгү - күрттөр менен суни азерилер. Ирандын калкы көбүнесе - шийиттер. Батыш Иранда соңку жылдары Ирандын кооопсуздук күчтөрү менен күрд козголоңчулары ортосунда кагылыштар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG