Грузин президентинин кеңсеси билдиргендей, кыймылсыз мүлк менен алектенген тайкун Доналд Трамп Нью-Йоркто Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен тийиштүү келишимге кол койду. Билдирүүдө асман тирегич баш калаа Тбилисиде же Кара деңиздин Батуми портунда курулушу мүмкүн экендиги айтылат. Грузиянын эми жанданып келаткан экономикасы 2008-жылда башталган глобалдык кризистен жана ал жылдын августундагы Орусия менен кыска согуштан аксап калды.