Түрк гезиттеринин жазышынча, көркөм өнөр көргөзмөлөрү жайгашкан ооданда галереянын ачылышына арналган сыртта өтүп жаткан коктейл кечесине 30 чакты союлчан эркек кол салып, терезелерди талкалап, коноктордун жүздөрүнө кызыл калемпир чачышты. Беш киши жараат алды. Кол салгандар кечеде алкоголдук ичимдик болгондугуна нааразы болгон шекилдүү. Бул окуя секулярчылардын исламчыларга ыктаган өкмөттүн саясаты өлкөдө диний сабырдуулукка залака келтирип жатат деген тынчсыздануусун дагы тереңдетет деп кабарланууда.