Июнь коогалаңында жабыркагандар үчүн курулуучу 70 батирлүү үйдү куруу укугун аталган ишкана тендерге катышып утуп алды. “Алексстрой” бул үйдү 40 млн. сомдон ашык каражатка тургузууну убада кылууда. Ал эми коогалаң учурунда жабыркаган С. Ибраимов атындагы кыргыз драма театрын калыбына келтирүүгө “Биримдик ХХI кылым” ишканасы 10 млн. 234 миң сом жумшамакчы. Р. Абдыкадыров атындагы филармонияны 2 млн. 679 миң сомго кайра калыбына келтирүүнү “Гетест” ишканасы мойнуна алды. Ал эми Бабур атындагы музыкалык драма театрын “Дружба” консорциуму 2млн. 670 миң сомго оңдомокчу.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалыматына караганда, тендерге 14 ишкана катышкан. (ZKo)
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалыматына караганда, тендерге 14 ишкана катышкан. (ZKo)