Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

«Альфанын» тарапкерлери Баш прокурордун чыгышын талап кылышууда


Ушул тапта Башкы прокуратуранын короосунда Улуттук коопсуздук кызматынын «Альфа» бөлүгүнүн командирин жана мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерин бошотуу талабы менен акция өтүп жатат. Алар өздөрүнүн жакындарын камактан бошотуу талаптарын коюшууда. Акциянын катышуучулары аларга Баш прокурор Кубатбек Байболов чыгып жолугушун талап кылып жатышат. Алардын белгилөөсү боюнча 7-апрелдеги кан төгүүлөргө айыпталып камалгандардын көпчүлүгү ден-соолугу оор, эки офицерге токтоосуз медициналык жардам керек, ал эми үч кызматкер апрель окуясында алган жаракатынан айыга элек, аларга эч кандай медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес.
Чогулгандардын алдына «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлерине байланыштуу ишти тергеген бөлүмдүн башчысы чыгып жолукту. Анын айтуусунда бул иш тергелип бүткөн, жакын арада чечилет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG