Россия Польша өкмөтүнө Хатындагы кыргын боюнча документтерди тапшырды. 20 томдон турган документтерде Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда польшалык жоокерлердин камалып, түрмөлөргө отургузулушу, сурактардын протоколдору жана башка кагаздар камтылган. 1940-жылы Смоленсктин жанындагы Хатындын токоюнда НКВД тарабынан польшалык 22 миңдей офицер тындым кылынган. Бул окуя көп жылдар бою Россия менен Польшанын мамилелерине көлөккө түшүрүп келген.