Маданият министри Эртугрул Гүнай кол салгандар катуу жазаланат деди. Шейшембиде консерватор мусулмандар делинген адамдар сүрөт галлереясынын короосунда чогулуп, ичимдик ичип атакан конокторду сабап кетишкен. Натыйжада 5 киши жеңил жаракат алды. Түрк гезиттеринин жазганына караганда, союл менен куралданган 30 чакты адам галлереяга чабуул коюшкан. Алар имараттын терезелерин талкалап, мурч чачыратышкан. Окуяга байланыштуу 7 киши кармалды.