Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Москвада Кыргызстандын жараны өлтүрүлдү


Москва шаарынын чыгыш тарабында ур-токмокко кабылган 24 жаштагы Кыргызстандын жаранынын өлүгү табылган. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги маалымдады. 22-сентябрга караган түнү кыргызстандык жаран катуу токмоктолуп жана муунтулуп өлтүрүлгөнү кабарланууда. «Лосиный остров» эс алуу багында да 24 жаштагы кыргызстандык жаранга белгисиз бирөөлөр кол салып, ичине бир нече жолу бычак сайып, ал оор абалда ооруканага жаткарылган. Маалыматка караганда, аталган эки окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Ал эми Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги бул маалыматты тастыктай элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG