Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:59

Махмуд Аббас - Хиллари Клинтон бүгүн кайра кездешет


Жума күнү АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Нью-Йоркто Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен жолугушту. Ушу тапта Израил-Палестин аралык тынчтык сүйлөшүүсү туңгуюкка такалат деген чочулоо курч. Себеби, палестин тарап эгер Израил өкмөтү жөөттөр үчүн Батыш Иорданда жаңы конуштарды курууну токтотпосо, сүйлөшүүнү улантпасын айтууда. Аббас кездешүүдөн кийин “сүйлөшүү жаңы эч нерсе алып келбегенин” жана ишемби күнү Клинтон айым менен кайра жолугарын билдирди. Аббас менен Клинтондун кездешүүсү Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынан тыш убакта болду.

XS
SM
MD
LG