Ооганстандын чыгышында бомбага кабылып, НАТО башындагы коалициялык күчтөрдүн эки жоокери курман болду. Лагман провинциясындагы кагылышууда эл аралык күчтөр менен Ооган армиясы 30дан ашуун козголоңчуну жок кылышканын колаициялык күчтөр маалымдады. Ошондой эле өткөн жумадагы парламенттик шайлоо учурунда Ооган бийликтеринин өкүлдөрүнө кол салууну уюштурган лашкер башчы колго түшүрүлүп, башка бир адаватчы катардан чыгарылганы кабарланды.