Россиянын “Союз” космостук кемеси Казакстанга келип конду. Орус космонавттары Михаил Корниненко, Александр Скворцов жана америкалык астронавт Трейси Колдуелл-Дайсон Эл аралык космостук станцияда 176 күн иштеген соң Жерге аман-эсен кайтып келишти. “Союз” орбиталдык станциядан мерчемделген маалда бөлүнбөгөндүктөн, космонавттар жерге болжолдонгондон бир күн кеч кайтышты. Үч космонавт апрель айынан бери Эл аралык станцияда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүштү.