Бул туурасында айыл чарба министри Маматшарип Турдукулов билдирди. Анын айтымында бул жылы Агропродкорпорациясы менен атайын сүйлөшүүлөр жүрүп, дыйкандар өндүргөн айыл-чарба продуктуларынын жогорулатылган баада сатылышы көзөмөлгө алынат. Алсак, дыйкандарга төө буурчакты 27-28 сомго, пахтанын килосун 32-33 сомдон сатып өткөрүүгө шарт түзүлөт. Тамекинин биринчи сорту 55 сомго алынып, буудайдын килограммын 10 сомдон өткөрүүгө болот. (KKs)