Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Бишкекте “Бир дүйнө” фестивалы жыйынтыкталды


Фестивалдын жыйынтыгында улуттук багытта “Өлкө жана мамлекет” аттуу кыргызстандык тасма, эл аралык багытта Улуу Британиянын режиссеру Мат Уитеркросстун “Марска карай жол” аттуу тасмалары баш байгеге ээ болушту. Жалпысынан он бир тасма мыкты деп табылып, алардын катарында фестиваль учурунда үзгүлтүккө учурап көрсөтүлгөн австралиялык режиссер Жефф Дениелстин уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин президенти Рабия Кадыр тууралуу тарткан “Сүйүүнүн он шарты” аттуу тасмасы да сыйлоо баракчасына ээ болду.

«Бир дүйнө Кыргызстан – 2010» аталышындагы адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын IV эл аралык фестивалы улуттук жана эл аралык болуп эки багытта өттү. 21-сентябрдан баштап 25-сентябрга чейин созулган фестивалда 16 өлкөдөн тандалып алынган жалпы 28 тасма көрсөтүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG