Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу үчүн Мьянмада өтүп жаткан футболдук мелдештин финалдык оюну бүгүн кечинде өткөрүлүп, анда Кыргызстандын “Дордой” командасы менен Мьянманын “Яданарбон” командасы баш байге үчүн ойношот. 25-сентябрдагы жарым финалда кыргызстандык футболчулар Түркмөнстандын “МТТУ” командасын 2:0 эсебинде утуп, финалга чыгышкан. Улуттук олимпиада комитетинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун буга чейин Нарындын “Дордой-Динамо” командасы эки ирээт утуп алган болчу. (KKs)