Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратпоо аракеттери


Палестина лидери Махмуд Аббас Израиль менен Палестина ортосундагы дипломатиялык аракеттердин алкагында бүгүн Парижге барды. Аббас жергиликтүү жөөт коомчулугунун башчылары менен жолугушмакчы. Бүгүн түн ортосунда Иордан дарыясынын батыш жээгинде жөөт конуштарын курууга киргизилген мораторийдин мөөнөтү соңуна чыгууда. Палестиндер ал жерлерди болочок Палестина мамлекетинин аймагы деп эсептешет. Аббас мораторий узартылбаса, тынчтык сүйлөшүүлөрүн таштап кетүү жөнүндө эскертип келатат. Сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы бир айдай мурун башталган. Ошол эле маалда палестин лидери араб гезиттеринин бирине курган маегинде сүйлөшүүлөрдөн дароо эле баш тартпай турганын айтты. Аббас эртең француз президенти Николя Саркози жана премьер-министр Франсуа Фийон менен жоулугушмакчы. Анын аралыгында Хьюман Райтс Уоч эларалык уюму Израиль бийлигин конуштарды курууну биротоло токтотууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG