Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Британ лейбористтерин эми Эд Милибанд жетектейт


Британияда лейбористтер партиясынын лидери болуп Эд Милибанд шайланды. Ишембиде Манчестерде өткөн шайлоодо ал бир тууганы, мурдагы тышкы иштер министри Дэвид Милибандды жеңди. Эд өзү болсо мурда энергетика министринин кызматын ээлеген. Эд Милибандга партиянын курултайына катышкандардын 50,65 проценти, Дэвид Милибандга болсо 49,35 проценти ишеним көргөзүштү. Лейбористтер бийликтеги консерваторолор менен либерал-демократтарга оппозициядагы эң чоң партия. Майда лейбористтер жалпы шайлоодо жеңилгенден кийин алардын лидери Гордон Браун кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG