Жумалыктын демилгечиси Түркияда окуп жаткан студент Муратбек Тажибаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, тил жумалыгы жарыялангандан баштап интернеттеги Фейсбук, Твиттер өңдүү ар кыл социалдык тармактарда кыргызча баарлашкандардын саны кыйла өскөн. Маалымат желесиндеги бул демилгени кыргыздар гана эмес, кыргыз тилин билген башка улуттардын өкүлдөрү да колдошуп, кыргызча алакалашууда активдүүлүгүн көрсөтүшкөн. 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин созулган бул жумалык интернет дүйнөсүндө кыргыз тилинин деңгээлин көтөрүүгө багытталган. Ага ылайык бир жума ичинде интернеттеги бардык социалдык сайттардагы маалымат алмашууну кыргыз тилинде жүргүзүү сунуш кылынган эле. (KKs)