Бул маалыматты тасманын режиссеру Актан Арым Кубат “Азаттыкка” тастыктады. Ишемби күнү жыйынтыкталган бул фестивалда “Свет-аке” тасмасы Эл аралык киносынчылардын атайын сыйлыгына да арзыды. Тасманын Алтынай Койчуманова баштаган продюсерлик тобу кийинки тартыла турган фильм үчүн 20 миң доллардык сыйлыкка ээ болду. Жалпысынан “Евразия” фестивалына 20 өлкөнүн 130 кино ишмери катышып, кыркка жакын тасма көрсөтүлгөн.
Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы элеттеги электрикчинин турмушун сүрөттөйт. Тасма буга чейин тасма Локарно, Торонто, Канн жана “Киношок” фестивалдарына катышып келген. (KKs)
Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы элеттеги электрикчинин турмушун сүрөттөйт. Тасма буга чейин тасма Локарно, Торонто, Канн жана “Киношок” фестивалдарына катышып келген. (KKs)