Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:25

“Акыйкаттын” лидерлерине кол салуу маалыматы тастыкталган жок


“Акыйкат” партиясынын жетекчилерине 25-сентябрдан 26-сентябрга караган түнү Жалал-Абад шаарындагы Спутник мейманканасына токтошкон учурда 40 чамалуу адам кол салууга аракет кылышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын маалыматтык тобунун кызматкери Тынчтык Алтымышов билдирди. Анан айтымында, кол салгандар менен “Акыйкат” партиясынын күзөт кызматы ортосунда мушташ чыгып, бирок жаңжал курал колдонууга жеткен эмес.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Таалайбек Cусунбаев бул боюнча “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, Жалал-Абадда андай мушташуу фактысы катталбаганын ырастады. Анын айтымында, эгер чындап эле андай мушташуулар орун алган болсо сөзсүз түрдө биринчи кезекте милиция кабардар болмок. Анын үстүнө “Акыйкат” партиясынан деле андай арыз түшкөн эмес. (IJz)

XS
SM
MD
LG