Израил өкмөтү ал жакка конуш курууга 10 айлык жарым-жартылай тыйуу салган эле. Анын мөөнөтү өткөн түнү аяктады. Эгерде Израил ал мораторийдин мөөнөтүн узартпаса, тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн палестиндиктер чыгып кетиши мүмкүн. АКШнын президенти Барак Обама жөөт лидерлерине кайрылып, ал тыйуунун мөөнөтүн узартууга чакырды. Бирок Израил ага көнгөн жок. Анткен менен бүгүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббасты мораторийдин мөөнөтү бүткөнүнө карабай, тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга чакырды.