Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Орусия менен Кытай жаратылыш газы боюнча келишимге кол коюшту


Орус газын кандай шарттарда Кытайга жөнөтүү боюнча келишимге бүгүн Бейжинде эки өлкөнүн башчылары Дмитрий Медведев менен Ху Цзинтао кол коюшту. Ага ылайык, газ 2015-жылдан тарта жөнөтүлө баштайт. Азырынча газдын баасы аныктала электиги айтылууда.

Бүгүн келишимге кол коюлгандан кийин Кытайдын президенти Ху Цзинтао журналисттерге: "Эки тарап тең глобалдык экономикалык кризистен чыгуу үчүн, дүйнөлүк экономиканы өнүгүү нугуна салыш үчүн, эл аралык стратегиянын туруктуу өнүгүшүн сактап калыш үчүн дүйнөлүк жана регионалдык иштерде стратегиялык аракеттерибизди тереңдетебиз деген ниетибизди билдирдик", - деди.

Орусия энергия өндүрүүчү мамлекеттердин ичинде дүйнөдө биринчи орунда турат. Кытай болсо былтыр АКШны артта калтырып, дүйнөдө энергияны эң көп керектөөчү мамлекетке айланган.

XS
SM
MD
LG