Эртең Аламүдүн районундагы № 1-орто мектепте “Жылдын мугалими” аттуу республикалык конкурстун ачылыш аземи болот. Конкурс 30-сентябрга чейин уланып, “2010-жылдын мыкты мугалими”, “2010-жылдын мыкты мектеби”, “2010-жылдын мыкты бала бакчасы” аттуу номинацияларда жеңүүчүлөр аныкталат. Бул конкурсту өткөрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Байге фонду 1 миллион 326 миң сомду түзөт. Мындай конкурс ушуну менен экинчи жолу уюштурулууда. Анан максаты - таланттуу, чыгармачыл мугалимдерди колдоо, билим берүүгө инновациялык методдорду киргизүү болуп саналат.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)