Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы шайлоого даяр


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 10-октябрдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча толук камылгаларды көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Анын айтымында, ушул айдын башынан бери аталган коалициянын 107 узак мөөнөттүү байкоочулары жер-жерлерде иштеп жатышат. Ал эми шайлоо күнү коалиция 1000 байкоочу чыгарып, 500 шайлоо бекетинин ишин көзөмөлдөмөкчү.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы шайлоолорго көзөмөл жүргүзгөн Кыргызстандагы эң ири бейөкмөт уюм болуп саналат. (IJz)

XS
SM
MD
LG