НАТО жетекчилигиндеги эл аралык жардам күчтөрүнүн расмий өкүлү Райян Доналд муну “өзүн коргоо” чарасы деп атады. Анын айтымында, куралчан козголоңчулар Хост провинциясындагы ооган коопсуздук бекетине кол салышканда, алар абадан сокку урушкан. Бул провинция Пакистандын Түндүк Вазиристан региону менен чектешет.