Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

АӨБ менен Кыргызстан 100 млн.$ боюнча келишимге кол коюшту


Азия өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Каржы министрлигинин ортосунда Кыргызстанга 100 миллион АКШ долларын бөлүү боюнча келишимге кол коюлду. Келишимге Каржы министри Чоробек Имашев менен АӨБдүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Лан Ву кол коюшту. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, келе турчу каражаттын $51,5 миллиону грант түрүндө болсо, $48,5 миллиону 40 жылга кредит түрүндө берилмей болду. Каражат бөлүнгөн соң 10 жыл аралыгында кредиттин пайыздык өлчөмү 1, андан кийин 1,5 пайыз болмокчу.

Бөлүнө турчу каражаттын $40 миллиону бюджетти бекемдөөгө, $28 миллиону калыбына келтирүү, курулуш иштерине, $27 миллиону коомдук жайларды курууга, $5 миллиону кеп-кеңештерге жана техникалык жабдыктарга кетмекчи. (IJz)

XS
SM
MD
LG