Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Түндүк кореялыктар чоң жаңылык күтүп жатышат


Пхенянда бүгүн өлкөдөгү башкаруучу жападан-жалгыз Эмгек партиясы өзүнүн конференциясын өткөрүүдө. Жыйын маалында жогорку жетекчиликтеги олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу жарыяланышы мүмкүн. Өлкөнүн лидери Ким Чен Ир кечээ кенже уулу Ким Чен Уну менен карындашы Ким Ген Хиге генералдык наам ыйгарды. Өтө сейрек өткөрүлө турган ушундай конференцияда 1980-жылы Ким Чен Ир өзү атасынын мураскери болуп жарыяланган. Байкоочулар бүгүнкү жыйында да ушундай чечим кабыл алынышы ыктымал – Ким Чен Уну ырасмий түрдө бийлик мураскери болуп аталышы мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG