Президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев Кыргызстандагы түпкүлүктүү улутка байланыштуу мыйзам долбоорлорун сунуштоодо. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Сунушталып аткан биринчи мыйзам долбоору “Түпкүлүктүү улуттун макамы жөнүндө” деп аталат. Анда мамлекеттин ээси, түзүүчүсү, түптөөчүсү түпкүлүктүү улут экендиги көрсөтүлөт.
Экинчи мыйзам долбоору “Улуттук топтор, диаспоралардын, азчылыктардын макамы жөнүндө” деп аталып, анда Кыргызстандагы улуттук азчылыктарга эч кандай автономия берилбестиги баса белгиленет.
Үчүнчү мыйзам долбоор “Чет өлкөдөгү мекендештер жөнүндө” деп аталып, чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарды колдоого багытталат.
Ошондой эле ал Манас эпосун тасмага түшүрүү максатында атайын эсеп ачууну пландап атканын билдирди. Андан тышкары Т.Тургуналиев Кыргызстанда мындан ары паспорт берүүдө жарандын улутун жазбоону, анын ордуна жөн гана кыргызстандык деп жазууну сунуштоодо. (IJz)