Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Түндүк Кореянын лидери уулуна генерал наамын ыйгарды


Ошону менен Ким Чен Ирдин 27 жаштагы кичүү уулу Ким Чен Ундун ысмы расмий маалымат каражатында биринчи жолу чыкты. Дагы башкалар менен катар жол башчынын карындашы Кин Кен Хиге да генерал наамы берилгени бүгүн түндүк кореялык сыналгыдан жарыяланды.

Ушул тапта бийликтеги Жумушчу партиясы 30 жылдан бери биринчи жолу курултай өткөрүп жатат жана ага өлкөнүн коңшулары, аймактык ири мамлекеттер жакындан көз салышууда. Жашы 70ке таяп калган Ким Чен Ирдин ден-соолугу начар экендиги кабарланып келет. Анын уулуна генералдык наам бердириши Ким Чен Унду өз ордуна калтыраарынын далили катары кабыл алынууда.

XS
SM
MD
LG