Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Спортчуларга С.Жуманазаров атындагы сыйлыктар тапшырылды


Бүгүн Кыргызстандык бир катар мыкты спортчу жана машыктыруучулар Москва олимп оюндарынын коло байге ээси, маркум Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыкка ээ болушту. Сыйлыкты спортчуларга Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов тапшырды.

Бул жолу Бишкек мэриясынын С.Жуманазаров атындагы сыйлыгына жакында эле Москвада өткөн грек-рим күрөшүндө мөрөй алган Данияр Көбөнов, спортко эмгек сиңирген калыс Кочкорбек Кулматов, эмгек сиңирген машыктыруучу Виктор Борисов, спортко эмгек синирген ардагер Бообек Кадыркуловдор ээ болушту. Ошондой эле спортту даңазалоо жана чагылдырууга кошкон салымы үчүн “Азаттыктын” спорттук баяндамачысы Кабыл Макеш да аталган сыйлыкка ээ болду. (IJz)

XS
SM
MD
LG