Бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Камчыбек Ильязов аталган облустун мурдагы губернатору Кошбай Масиров, орун басарлары Айбекжан Акбаров, Дамира Алимжанова жана “Ак жол” партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча жетекчиси болуп турган Абдымалик Бектемиров баштаган 13 адамга карата козголгон кылмыш ишин карап, аларга тагылган айып боюнча өкүм чыгарды. Аталган айыпталуучуларга 2010-жылдын 13-14-майында мыйзамсыз бийликти ээлеп алууну уюштурган жана массалык баш аламандыкка катышкан деген айыптар тагылган болчу. Соттун өкүмүнө ылайык жогорудагы соттолуучулардын ичинен Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Кошбай Масиров баштаган 11 айыпталуучунун аракетинде кылмыш курамы табылган жок. Буга байланыштуу Сурмайым Чекелекова менен Тоту Карымшаковага 1 жыл шарттуу жаза, ал эми калгандарын актоо өкүмү чыгарылды. Эми мамлекеттик айыптоочулар бул өкүм боюнча жогорку инстанцияларга кайрылышы керек болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучулардын жактоочусу Абдимиталип Абылакимов билдирди. (IJz)