Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Израил жөөт активисттеринин кемесин туткунга алды


Израилдин Газа блокадасын бузуп өтүүгө аракеттенген кайыкты Израилдин аскердик кемеси артка кайтууга мажбурлады. Израил армиясына ылайык, Британиянын желеги менен бараткан “Ирене” кайыгында Лондондо жайгашкан “Жөөттөр Палестинадагы Акыйкаттык үчүн” деген топтун жети активисти болгон. Израил аскерлери кайыкты басып алып, азыр Израилдин түштүгүндөгү Ашдод портуна айдатып баратышат. Мунун алдында Израил кайыктын бир жарым миллион калкы бар Газа тилкесине баруу планын “провокация” деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG