Ошентип ушул мөөнөттөргө карата каттоодон өткөн чет элдик байкоочулардын саны 433кө жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтары боюнча булар 31 чет мамлекеттен жана ЕККУ, ЕврАзЭС, “Шайлоо жана демократия” эл аралык ассоцияциясы өңдүү 14 эл аралык уюмдан келген байкоочулар болуп саналат. Календардык планга ылайык байкоочуларды каттоо добуш берүү күнүнө беш күн калганда аяктоого тийиш. (KKs)