Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:43

Орусия Кыргызстанга шайлоону өткөрүүгө көмөктөшөт


Бул тууралуу Орусиянын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрага орун басары Станислав Вавилов Кыргызстандын Москвадагы ишенимдүү өкүлү Улукбек Чыналиев менен жолугушкан учурунда билдирди. С.Вавилов Орусия өз аймагында ачылган шайлоо участкаларында уюштуруу-техникалык мүнөздөгү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин, аймактык шайлоо комиссиялары жана федералдык органдар тарабынан да колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү караларын белгиледи. Бул тууралуу тышкы иштер министринин басма сөз кызматы кабарлады.

Орусиянын кыргыз мигранттары басымдуу кылган 15 шаарында 18 шайлоо бекети ачылган. Расмий маалыматтарга караганда Орусияда 500 миңге чукул, бейрасмий маалыматтар боюнча миллионго чукул кыргызстандык эмгек мигранттар иштейт. 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого 29 партия ат салышмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG