Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

ВТБ Арменияда кен казууну каржылоону убактылуу токтотту


Орусиялык банк армениялык кен казуу долбоорун каржылоону убактылуу токтотту. Армениядагы экологдор менен бир катар бейөкмөт уюмдар Лори өрөөнүндө жез жана молибден казуу боюнча «Армениянын жез программасы» компаниясынын пландарына каршы нааразылыктарды билдирип келген. Тегут кенинде 1.6 миллион тонна жез жана 100 миң тонна молибдендин запасы бар экендиги жана кенди иштетүү үчүн 357 гектар токойду кыюу керектиги эсептелген. Кен каза турган компания долбоордун алкагында калк жумушсуз болгон аймакта 1400 жаңы жумуш ордун түзүүгө, мектептерди куруп, жергиликтүү инфрастурктураны өнүктүрүүгө убада берет. Нааразылык менен коштолгон талаш-тартыштан кийин орусиялык ВТБ банкы 280 миллион доллар насыяны берүүнү убактылуу токтотту. Лихтенштейнде катталган кен казуучу «Армениянын жез программасы» компаниясы каржылоо быйылкы жылы болот деп күтүп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG