Мындай тыянагын июнь айындагы Ош жана Жалал-Абадда орун алган кандуу калабанын келип чыгуу себептерин иликтеген коомдук көз карандысыз комиссия чыгарды. Иликтөө негизинен окуянын себептерин аныктоого багытталган. Комиссиянын жетекчиси Марат Жуманазаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, июндагы калаба мындан туура жыйырма жыл мурда болгон Ош окуясынынын уландысы болгон. Иликтөөгө ылайык, бийликтин алсызданышы, сепаратисттик маанайдагы көрүнүштөрдүн жандануусу, буга чейин Конституциянын бир топ ирет өзгөртүлүшү, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана өзбек тектүү адамдардын кыргыздардын жашоосуна кол салган учурлары окуянын кайталанышына себеп болгон.
Көз карандысыз иликтөө комиссиясы быйылкы Ош окуясы алдын ала, бир нече жыл мурда пландалган деген да тыянакка келди. М.Жуманазаровдун белгилешинче, иликтөө учурунда сурамжылоого кыргыз, өзбек улутундагы адамдар катышып, бардыгы документтешкен. Эми бул материалдар сотко өткөрүлүп берилмекчи.
25 кишиден турган бул көз карандысыз комиссия жети аймактын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин августтун башында түзүлгөн. Анын курамында өзбек, орус улутундагылар да бар. Булардан сырткары июнь окуясын Улуттук комиссия да иликтеп, азырынча толук жыйынтыгын чыгара элек. Ош окуясын иликтөө боюнча эл аралык комиссия да жакын арада ишин баштаары айтылууда.
Июнь айындагы кандуу коогалаңда расмий маалыматтарда 400дөн ашуун киши каза таап, эки миңден ашууну жараат алганы айтылган. (КЕ)