Тажикстандын улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Нозиржон Буриев август айынын аягында аталган кызматтын абагынан качкан 25 кылмышкердин бири Рахмаддин Азизов Дүйшөмбүдөн 70 чакырым алыс Файзабод өрөөнүндө өлтүрүлгөндүгүн тастыктады. 18-сентябрда Азизовду кармоо аракети оңунан чыкпай, ал атайын кызматтын эки аскерин жарадар кылып качып кеткен. Жекшембиде Буриев дагы каршылык көрсөткөндүктөн, атайын күчтөр атып өлтүрүшкөн. Азизовдун жанынан курал жарак менен акча табылган.
Дүйшөмбүдөгү абактан качкан 25 кишинин 17си дагы эле эркиндикте жүрөт, алардын арасында 3 орусиялык, 4 ооган жана 2 өзбек жарандары бар.
Дүйшөмбүдөгү абактан качкан 25 кишинин 17си дагы эле эркиндикте жүрөт, алардын арасында 3 орусиялык, 4 ооган жана 2 өзбек жарандары бар.