Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

ММКлар үгүт иштеринде мыйзам бузууларга жол бергени байкалууда


Парламенттик шайлоого карата жүрүп жаткан үгүт иштерин чагылдырууда айрым массалык маалымат каражаттары мыйзам бузууларга барууда. Бул туурасында “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Алар үгүт материалдары маалымат каражаттарында кандай чагылдырылып жатканына байкоо салышкан. Бул үчүн элге таасири бар делген теле жана радио каналдар, КТРК (мурдагы УТРК), биринчи радио, НБТ, 5-канал тандалып алынган. “Эң биринчи көрүнүш жаңылыктарда, маалыматтык программаларда үгүт материалдары кетип атат. Бирок анда партиянын фондунан төлөндү деген нерсе жок. Кээ бир партиялар басымдуулук кылып атат. Бул багытта БШК менен иштешип жатабыз”, - дейт М.Токоев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG