Еврошериктештиктин юстиция комиссары Вивиан Рединг расмий Парижди биримдиктин ичинде ээн-эркин жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн айыптап, сотко арыз жиберилиши мүмкүн экендигин айтты. «Франция ээн-эркин жүрүү боюнча европалык мыйзамды бузуп жатат. Ошондуктан биз ага каршы адам укуктарын бузуу деген негизде иш козгойбуз» деп айтты ал Франс 24 каналына.
Эгер сотко арыз жиберилип, Франциянын күнөөсү аныкталса өтө чоң өлчөмдөгү айып пул салынып, президент Саркози Евробиримдиктин жетекчилеринин алдына катаал сүйлөшүүгө чакырылат.
Франция болсо сыгандарды өлкөдөн чыгарууда эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун айтып келет.
Август-сентябрь айларында миңдеген этникалык сыгандар Франциядан күчтөп чыгарылып, Болгария менен Румынияга жиберилген. Француз өкмөтүнүн бул чечими Париж менен Брюсселдин ортосунда мамиленин салкындашына алып келди.