Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Июнь коогалаңы боюнча Кара-Суудагы соттук иш уланууда


Июндагы башаламандыктар учурунда Кара-Суу райондук милициянын начальниги Адылбек Султановду жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевди мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелген 10 адамдын соттук иши бүгүн Кара-Суу райондук сотунда каралат. Анда бул кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзгөн тергөөчүлөр көрсөтмө бермекчи. Соттун кечээки отурумунда жабыркаган тараптын өкүлдөрү тергөө жакшы жүргүзүлбөй туруп, сотко ашып кетти деген нааразылыктарын айтышкан. Мындан улам сот ишти жарым-жартылай кайрадан тергөө туурасында чечим чыгарып, бирок соттук иш улана берерин билдирген.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Сабыр Абдымомунов билдиргендей, А. Султановдун жана У. Шамурзаевдин жакын туугандары бул кылмышка катышы бар, же көргөн-билгени бар деген негизде Кара-Суу райондук акиминин орун басары Шаятовду, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Шадмановду жана башка элди козуткан адамдарды чакырууну талап кылышууда. Соттолуп жаткан он адамдын тогузу күнөөлөрүн мойнуна албай, бирөөсү жарым-жартылай күнөөлүү экендигин билдирип жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG