Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Кара-Суудагы сот жараяны убактылуу токтотулду


Буга жабырлануучулар жана алардын жакындарынын аракеттери себеп болду деп билдирет кабарчыбыз. Анын айтымында, айыпталуучулардын адвокатын жабырлануучулар сот имаратынан кууп чыгышкан. Натыйжада сот Бакыт Усупбеков териштирүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болду. Соттун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, соттолуучулардын адвокаты айыпталуучуларга күч колдонулганын айткан кезде жабырлануучулар нааразычылык билдирип, чуу чыгарышкан. Азырынча процесс качан уланары белгисиз.

Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Адылбек Султановду жана милиционер Уран Шамурзаевди мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип жаткан 10 кишинин соту бүгүн Кара-Суу райондук сотунда уланган болчу. Бүгүнкү соттук жараянда бул кандуу окуяга байланыштуу ишти иликтеген тергөөчүлөр көрсөтмө беришмек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG