Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Жаңы конуштун тургундары митингге чыгышты


Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун тургундары поликлиникага деп бөлүнгөн 9,5 гектар жердин менчикке берилип кеткенине каршы болушууда. Демилге топтун мүчөсү Анара Касымбекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жер үч кишиге турак-жай тургузууга мыйзамсыз берилген, алардын жерге ээлик кылууга укук берген документтери жасалма экенине карабай Бишкектеги райондор аралык сот мыйзамдаштырып койгон. 7-апрелден кийин бул ишти караган сот кызматтан алынганы менен чечими күчүндө кала берүүдө. А. Касымбекованын айтуусунда шаардык сот райондор аралык соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырган, нааразы болгон тургундар Жогорку Сотко кайрылышкан. Көкжарлыктар Жогорку Соттон бул ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан карап берүүнү талап кылышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG