Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Мурдагы президенттин жакындарына издөө жарыяланды


Мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын айлана-чөйрөсүндөгү жыйырма кишиге эл аралык издөө салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады. Жыйырма кишинин башында экс-президент К. Бакиев уулдары Марат жана Максим Бакиев менен турат. Андан кийин Е. Гуревич, М. Суталинов, Д. Үсөнов, Пайзуллабек Рахманов, А. Елисеев, А. Ширшов, П. Иминов, Эргашходжа Исматуллаев, С. Попов, Ш. Алибакиев, Б. Сыдыков, К. Курманалиев, С. Балкыбеков, У. Пак, С. Ким жана А. Филатов бар. Булардын баары Кыргызстандын ички иштер министрлиги тарабынан эл аралык издөөгө алынган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Казакстандын жана Орусиянын көзөмөл органдары кыргызстандык кесиптештеринин өтүнүчүн аткарууга киришкенин билдиришкен. Мындан тышкары Башкы прокуратура жогоруда аты аталган адамдардын дипломаттык жана кызматтык паспортторун жокко чыгаруу талабы менен тышкы иштер министрлигине кайрылды деп маалымдайт башкы көзөмөл органы.

Сентябрь айынын башында президент Роза Отунбаева “Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берүү” боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык мурдагы аткаминерлер мыйзамсыз алган каражаттарды кайтарып берип, мунапыстан колдонула алышат. Бул жарлык боюнча кайрылган экс-мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов менен экс-коргоо министри Бактыбек Калыевдин арызы кабыл алынган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG