Жанкечти миналанган автоунаасы менен НАТО аскерлеринин кербенин сүзүүгө аракеттенген. Баштапкы маалыматтарга караганда, үч адам каза тапты. Алардын баары окуя болгон жерде жүргөн жергиликтүү тургундар. Кол салуу жергиликтүү базардын жанында болду. Жергиликтүү бийликтердин маалыматына караганда, он эки адам, анын ичинде жаш балдар да жаракат алган.