Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

А. Бекназаров: кырдаалды курчутуу аракеттери байкалууда


"Парламенттик шайлоолорду бардык жерде тынч өткөрүү жана андан кийинки кырдаалды туруктуу сактоого бийлик аракет кылат, ал эми шайлоодо берген добушунун уурдалып кетпөөсүнө шайлоочулар өздөрү көзөмөл кылышсын", - деп билдирди бүгүн журналисттерге вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров. Ал ошондой эле шайлоо алдында кырдаалды курчутуу аракеттери болуп жатканын да кошумчалап, түштүктөгү мамлекеттик кызматта иштеген кээ бир адамдарга куугунтук башталганын эскертти.

Кыргызстанда 7-апрел ыңкылабынан жана июндагы конституциялык референдумдан кийинки алгачкы парламенттик шайлоо 10-октябрда болот. Шайлоо учурундагы тартипти көзөмөлдөө максатында күч органдары 5-октябрдан тартып күчөтүлгөн тартипте иштей башташат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG