Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалымдаганы боюнча эл аралык издөөгө алынган Кадыржан Батыров Украинанын борбор шаарында башкалкалап жүргөнүн Интерпол аныктап чыккан. у Учурда аны Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча иш-чаралар көрүлүп жатат. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” бүгүн маалымдашкандай, Минск жана Кишинев конвенцияларына ылайык, К. Батыровду кайтарып алууга тиешелүү документтер жакынкы күндөрү Украинанын Башкы прокуратурасына жиберилмекчи.
ЖКнын мурдагы депутаты, Кыргызстандагы өзбек маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровго улут аралык мамилени козуткан, массалык башаламандык уюштурган деген айыптар менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө салынган.
Кадыржан Батыров өз кезегинде июнь окуяларына өзүнүн эч кандай тиешеси жоктугун интернет аркылуу билдирип, коогалаңга убактылуу өкмөттүн айрым жетекчилери күнөөлүү деп жазган. (ZKo)