Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Июнь коогалаңында дайынсыз жоголгондор табылбай жатат

Бүгүнкү күндө 22 үй-бүлө коогалаң күндөрү жоголгон жакындарынын дайынын таба албай жүрүшөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева бүгүн түштүктөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, өкмөт июнь коогалаңында набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилүүчү жардам тууралуу жарлык иштеп чыккан. Ал эми дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрү алты айдан кийин гана мамлекет тарабынан социалдык жардам ала алышат. Вице-премьер-министр мыйзам боюнча дайынсыз жоголгондорду издөө алты айга созулаарын кошумчалады. (ZKo)
XS
SM
MD
LG