Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

АКШнын чабарманы Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык жараянын сактоо аракетинде


Жорж Митчелл бүгүн Израиль менен Палестина ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдү сактап калуу аракетинде Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен жолугушуу өткөрдү. Мурдараак Аббас эгер Израиль Иордандын Батыш жээгиндеги жөөт конуштарынын курулушуна киргизилген, бирок мөөнөтү аяктаган мораторийди узартпаса, сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетерин эскерткен. Митчеллдин айтымында, палестин лидери менен бүгүнкү жолугушууда болочок диалог үчүн баарына кабыл алынгыс шарттарды аныктоо аракети улантылды. Ал кечээ жөөт өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен жолуккан. Палестин тараптын билдиргенине караганда, америкалык чабарман бүгүн Израилдин премьер- министри менен дагы бир жолугушуу өткөргөн соң, эртең палестин лидери менен кайра кездешет.

XS
SM
MD
LG