Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Пакистанда аскерий төңкөрүш болушу ыктымал


Бул тууралуу өлкөнүн мурдагы президенти Первез Мушарраф Лондондогу сөзүндө билдирди. Экс-президент армияга саясий роль берилиши зарыл деп эсептейт жана азыркы аскерий командачылык президент Асиф Али Зардариге каршы күч колдонушу мүмкүн экенин эскертти. Мушарраф өзү да 1999-жылы кансыз төңкөрүш аркылуу бийликке келип, мындан эки жыл мурда бийликтен кеткенге аргасыз болгон. Жакында ал президенттик кызмат үчүн кайрадан күрөшө тургандыгын ырастаган.

XS
SM
MD
LG