Мунун алдында Ооганстанга чектеш райондо НАТОнун аскерий тикучагы Пакистан аймагындагы буталарга сокку уруп,андан жергиликтүү үч аскер мерт болгон эле. Исламабад өкмөтү бул ишти кескин айыптап, окуянын чоо-жайы толук иликтенип чыкмайынча Ооганстандагы эл аралык контингентке керектүү жабдыктарды ташып турган жолду жабык деп жарыялады.